
Абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын нормадан жогору болгонуна байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым заводдордун иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.
Анын айтымында, Орок жана Жал айылдарында жайгашкан кыш заводдору текшерилип, «Илина Групп», «Байтик курулуш» компанияларында жана Жал кыш заводунда мыйзам бузуу аныкталган. Мындан сырткары жарандардын кайрылуусунан кийин Кант цемент заводу текшерилип, беш от казандын үчөөнүн иши талапка жооп бербегени үчүн токтотулду.
«Абанын булгануусунун негизги себептеринин бири Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда сапаты төмөн көмүрдүн, айрым учурда акыр-чикирдин жагылышы эсептелет. Аймактык реформага чейин Бишкекте 47 конуш катталса, азыр анын саны 105ке жетти. Үй чарбаларынын саны 135 миңди түзөт. Биз радикалдуу чара көрүп, сапатсыз көмүрдү жагууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн дагы карап чыктык. Бул коомчулукта социалдык жана экономикалык карама-каршылыктарды пайда кылат. Ошондуктан көмүрдү байытууга багытталган фабрикаларды курууну пландап жатабыз», — деди министр.
Машиев ыштан арылуунун негизги жолу катары конуштарды газдаштырууну белгиледи. Учурда 37 миң абонент газга туташты. Мунун эсебинен болжол менен 80 миң тонна аз көмүр колдонулган.