Ысык-Көлдө шамал агызып кеткен 4 жаран куткарылды

Ысык-Көлдө шамал агызып кеткен 4 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бактуу-Долоноту айылындагы пансионаттарынын биринде желим кайык менен жүргөн 4 адамды шамал агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө 4 куткаруучу 1 моторлуу кайык менен барып, аларды аман-эсен куткарышкан.

Жарандардын абалдары туруктуу.

25 Август 2025 жыл 9:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча