Шейшемби күнү, 7-октябрда Жердин жашоочулары Айдын өзгөчө көрүнүшүнө күбө болот. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Урал федералдык университетинин окуу астрономиялык обсерваториясынын инженери Владилен Санакоев билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Ай октябрь айынын ичинде Жерден алыстыгын өзгөртөт. 7-октябрда Ай Жерге эң жакын чекитине, 360 миң километрден аз аралыкка келет.
Санакоевдин айтымында, октябрь айы ошондой эле Сатурн планетасын байкоо үчүн да ыңгайлуу мезгил болуп эсептелет. Мындан тышкары, Жердин жашоочулары Айдын ичиндеги эки кометаны көрө алышат: C/2025 A6 Lemmon жана C/2025 R2 Swan.
Ал эми 21-октябрда Ориониддер метеор агымынын эң жогорку чеги болот. Аба ырайы ачык болсо, саатына 5 метеорго чейин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.