Өзгөндө 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында 275 орунга ылайыкталган жаңы орто мектептин ачылыш аземи өттү.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, жергиликтүү тургундарды жана окуучуларды билим уясынын ачылышы менен куттукташты.

Жаңы билим берүү мекемесинини курулушу 2024-жылы башталып, бүгүн заманбап талаптарга ылайык толук кандуу бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Эки кабаттуу мектеп спорт зал, информатика, физика жана химия кабинеттерине, китепкана, концерттик зал, ашкана жана заманбап окуу-техникалык жабдууларга ээ. Ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн пандус жана лифт орнотулуп, заманбап шарттар менен камсыздалган.

Объекттин жалпы курулуш баасы 176 млн 220 миң сомду түзүп, Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен курулду.

Бул жаңы мектеп аймактагы окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга жана ыңгайлуу шарттарда окуу процессин жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.

11 Ноябрь 2025 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча