Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ал 3000 метр аралыкта чуркоодо 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, экинчи орунду ээлеген. Ошол эле аралыкта Жусуп Сулайман уулу 8 мүнөт 23,71 секунд менен 5-орунду камсыз кылды.

Мелдештин биринчи күнүндө 800 метр аралыкта чуркоо боюнча Искендер Чокаев 1 мүнөт 56,83 секунд жыйынтык көрсөтүп, 10-орунду ээледи. Ал эми 400 метр аралыкта Руслан Литовский 49,57 секунд менен 14-орунга жайгашты.

Чемпионаттын экинчи күнүндө 3000 метр аралыкта чуркоодо Нурсултан Кеңешбеков 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, күмүш медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, турнир 6-8-февраль күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жатат

9 Февраль 2026 жыл 8:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча