Жүргүнчүлөрдүн эсине: Бишкекте 6 автобустун каттамы өзгөртүлөт

Бишкекте Семетей көчөсүндөгү реконструкция иштерине байланыштуу 6 автобустук каттамдын кыймыл чиймелери убактылуу өзгөртүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган унаа жолдун Садырбаев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү реконструкцияланат.

Өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №1, №8, №33, №55, №56 жана №103.

«Реконструкция иштери аяктаганга чейин автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттап, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү улантат», — деп айтылат маалыматта.

29 Июнь 2026 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча