Жакынкы 3 күндө абанын табы +40 градуска чейин жетет

Жакынкы үч күндө — 7-9-июнда республикада күн катуу ысып, бир катар облустарда аптап +39 градуска жетерин Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +35…+40 градуска, Талас облусунун өрөөнүндө +33…+38 градуска чейин жетиши күтүлөт.

Агенттик мындай аба ырайында ден соолукка абайлап мамиле кылууну жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу туурасында эскертти.

6 Июнь 2023 жыл 14:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча