Жалал-Абадда 100 аскер кызматкерине жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

Жалал-Абад облусунда өлкөнүн Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Батирлер «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында берилди.

«Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жаткан 100 аскер кызматкери заманбап шарттары бар батирлердин ачкычтарына ээ болушту», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 50 аскер кызматкери Жалал-Абад шаарындагы «Асман-6» турак жай комплексинен батир алса, калган 50 кызматкерге Сузак районундагы «Асман-4» комплексинен батирлер берилди.

Белгилей кетсек, акыркы беш жылдын ичинде Чек ара кызматынын 600дөн ашык үй-бүлөсүнүн турак жай шарттары жакшыртылды.

25 Февраль 2026 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча