Жалал-Абадда «Якын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнө карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Натыйжада аталган уюмдун 27 мүчөсү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан жана идеологиясынан ачык түрдө баш тартышты. Алар мурда экстремисттик иш-аракеттерге катышып, Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик кыймылдын идеологиясын активдүү жайылтып келишкен.
Мындан улам аталган жарандар өздөрү тандаган диний багыттын туура эместигин түшүнүп, өз ишенимдеринин зыяндуу жана ката экенин моюнга алышты. Алар өкүнүчтөрүн билдирип, мыйзам жана ченемдик-укуктук актыларга, муфтияттын талаптарына баш ийүүгө даяр экендиктерин билдиришти.