Жалал-Абад облусунун аймагында бир катар мектептерге заманбап компьютерлер тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Компьютерлер Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тарабынан билим берүү мекемелерин колдоо жана окуу шарттарын жакшыртуу максатында тапшырылды.
Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунун каржылык колдоосу менен алынган компьютердик жабдыктар Кара-Көл, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай жана Токтогул шаарындагы мектептерге берилди.
Иш-чаранын алкагында мугалимдер менен жолугушкан Кундузбек Сулайманов алардын педагогикалык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, алдыда келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Билим берүү – коомдун келечегинин пайдубалы. Биздин милдет агартуучуларды колдоо жана жаш муунга сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө салым кошуу», — деп белгиледи эл өкүлү.