Жалал-Абадда таштанды иштетүүчү завод курулууда

Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод ишке кирет.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда аталган заводдун курулуш иштери жүрүп жатат. Завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулууда.

Заводдун курулушу ушул жылдын июль айында аяктайт. Анда Жалал-Абад шаарынан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат. Ал эми алдыда кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү жолго коюлат.

25 Март 2024 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча