
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев соңку бир апта ичинде бир нече баланын өмүрү кыйылганын, мындай көрүнүшкө Министрлер кабинетинин иш-аракети жетишсиз болуп жатканын айтып, сынга алды.
Бул тууралуу парламенттин 26-февралдагы жыйынында көтөрүп, өкмөттү жакын арада чукул жыйын уюштурууга чакырды.
“Министрлер кабинетинин төрагасы бардык министрлерди чогултуп, жыйын өткөрүшү керек. Бул – трагедия. Беш-алты бала өлдү, арасында өз жанын кыйганы, сабалып каза болгону бар. Мамлекет, ата-эне үчүн баладан кымбат эмне бар? Эч нерсе жок. Ошондуктан түшүндүрүү иштери боюнча ИИМ, Билим берүү, маданият министрликтери ыкчам иштерди алып барышы керек”, — деди Акаев.
Депутат өнүккөн өлкөлөрдө бир баланын өлүмү чоң кайгы катары караларын, Кыргызстанда мындай учур “статистика” экенин белгиледи.