Президент Садыр Жапаров Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулун өз каалоосу боюнча кызматтан алды.
Анын ордуна Жылдызбек Беккелдиев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды. Ал президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, аппарат жетекчи болуп иштеп жаткан.