Жапаров тоодо таштанды терди (видео)

Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы баракчасына пост жазып, кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды.

«Урматтуу мекендештер!

Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу.

Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы.

Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры», — деп жазды өлкө башчысы.

21 Август 2024 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча