Жергиликтүү соттордун жети судьясын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү сунуш президентке жиберилди

Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун жети судьясын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү сунуш президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алар – Баткен облустук сотунун судьялары Жыргалбек Жамангулов, Замирбек Алгожоев жана Замир Алыбаев, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Нурлан Байзаков, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Бакыт Сарыбаев, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы Абдисалам Мойдунов.

Жогоруда аталган жети судьянын бешөө боюнча сунуштаманы Жогорку сот төрагасы Замирбек Базарбеков берген.

Ошондой эле Судьялар кеңеши тартип комиссиясынын корутундусунун негизинде алты судьяны эскертүү түрүндө тартип жазасына тартуу тууралуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду.

Алар – Чүй облустук сотунун судьялары Ирина Горшсковская, Гүлмира Кожобекова жана Тарифа Масабирова, Нарын шаардык сотунун төрагасы Сотибек Осмонов, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Клара Калиева, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы Бактыбек Иманбаев.

Жогорку соттун маалыматына караганда, аталган мекеменин төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларга карата чара көрүү боюнча “рекорддук санда” сунуш берген жетекчи болууда. 2022-жылдан бери ал 28 судья боюнча 19 сунуштама бергени айтылды.

13 Октябрь 2023 жыл 11:38

Тема боюнча