ЖК комитети БШК мүчөлүгүнө Сүйүнбек Касмамбетовду дайындоону колдоду

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 23-сентябрдагы отурумунда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Анар Дубанбаеваны өзү жазган арызынын негизинде кызматтан бошотуу боюнча маселени карады. Комитет мүчөлөрү чечимди колдоду.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова ушуну менен БШКнын эки мүчөсүнүн орду бошогонун айтып, ал орундарга башка адамдарды дайындоо үчүн сөздү президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго берди.

Абытов бул орундарга президент Садыр Жапаров Сүйүнбек Касмамбетовду жана Кабылбек Мамбетаиповду сунуштай турганын айтты.

Сүйүнбек Касмамбетов быйыл май айында мамлекеттик катчы кызматынан «жаңы адамдарга орун бошотуу үчүн өз эрки менен» кеткен. Кабылбек Мамбетаипов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директору болуп иштейт.

23 Сентябрь 2025 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча