Жогорку Кеңештин эки комитетине жаңы төрагалар шайланды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлкан Молдобекова Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Комитет башчылары жашыруун добуш берүү жолу менен шайланды.

Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар Болотбек Борбиев менен Гүлсүнкан Жунушалиева аталган комитеттердеги төрагалыгын ыктыярдуу тапшырып беришкен.

25 Февраль 2026 жыл 17:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча