Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков атаандашы румыниялык Разван Арнаутту жеңип жарым финалга чыкты.
Беттеште кыргыз балбаны атаандашын 10:0 эсебинде утту.
Шаршенбеков Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 1/8 финалдан баштап, анын алгачкы атаандашы казакстандык Айдос Султангали болгон, аны ал 6:3 эсебинде жеңген.