Жыл аягына чейин Кыргызстанда 15 кен боюнча аукцион өткөрүлөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын аягына чейин бир катар маанилүү демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууну пландаштырууда.

Мыйзам долбоору даярдалууда

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде, «Жер казынасы жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» жана «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу.

Нормативдик документтер жаңыланат

Пайдалуу кендерди геологиялык-экономикалык баалоо боюнча ченемдик актылар жана колдонмолорду актуалдаштыруу.

Ачык аукциондор өткөрүлөт

2025-жыл ичинде өлкө боюнча 15 объект жер казынасын пайдалануу боюнча аукционду даярдоо жана жарыялоо.

Санариптештирүү улантылат

Жер казынасын пайдалануу процесстерин жана геологиялык архивдерди оптималдаштыруу жана санариптештирүү боюнча иштерди жүргүзүү.

Бул кадамдар геология тармагындагы башкарууну өркүндөтүүгө, ачык-айкын жана натыйжалуу системаны түзүүгө өбөлгө болот.

13 Ноябрь 2025 жыл 10:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча