Жыл аягына чейин Ош облусунда 30 мектеп пайдаланууга берилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу жана Өзгөн районундагы салынып жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мектептин сапатына жана бүткөрүү мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, бул иштерди толук бүткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөөрүн билдирди.

Белгиленгендей, жыл аягына чейин Ош облусунда 30 мектеп пайдаланууга берилет

Мындан сырткары бардык мектептер заманбап салынып жаткандыктан таза суу жана башка кошумча маселелерин кошо чечүү керектигин тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырма берди.

26 Июль 2023 жыл 10:00

Тема боюнча