Жыл башынан бери өлкөдө 110,2 чакырым жолго асфальт төшөлдү

2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймактары боюнча жалпы 110,2 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, былтыр ушул мезгилге карата 40 чакырым жол асфальтталган.

“Битум менен 15 000 тонна камсыздалды. Сатып алынган битумдар асфальт-бетон заводдоруна чейин жеткирилүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Титулдук тизмеге кирген региондордогу бардык унаа жолдорунда иштер планга ылайык аткарылууда.

4 Май 2026 жыл 15:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча