Жыпаркулов салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаттуу курулуп жатканын билдирди

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Мырзабек Жыпаркулов учурда салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бардык талаптарга ылайык келерин Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында курулушту текшерүүдөн өткөрүүдө лаборатория бар. Андан сырткары текшерүүдөн өткөн, сертификаты бар, сапаттуу үйлөр курулуп жатканын кошумчалады.

«Ар бир кирпичинен баштап, арматурасы болобу, бетону болобу лабароториядан карап, ошол жерден өзүнүн сапатына жараша, сертификат берип, анан курулат»,-деди Жыпаркулов.

8 Сентябрь 2023 жыл 10:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча