+37 градуска чейин ысыйт. 22-майга күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, эртең, 22-майда Чүй, Ысык-Көл, , Ош облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.

Абанын температурасы:

Чүй дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +32…+37;

Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Нарында түнкүсүн +5…+10; күндүз +22…+27.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +15…+17, күндүз +33…+35 градус ысыйт.

21 Май 2025 жыл 21:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча