5-майга күтүлгөн аба ырайы

«Кыргызгидрометтин» билдиришинче, 5-майда күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;

Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болот.

4 Май 2025 жыл 22:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча