Катуу шамалдан бүгүн Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу жабыркаган.
Мэриядан билдиришкендей, желек «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан жаңысына алмаштырылды.
Белгилей кетсек, ӨКМ саналуу саат мурун Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун кабарлаган.