Бишкек менен Чуңкурчакты байланыштырган альтернативдүү жол курулат

Кыргызстанда Бишкек — Чуңкурчак альтернативдүү унаа жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, учурда жолдун долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Жаңы трасса төрт тилкелүү болуп, борбор калаа менен эл көп барган тоолуу эс алуу жайы Чуңкурчактын ортосундагы транспорттук байланышты кыйла жакшыртат.

Белгиленгендей, жол калктуу конуштарды айланып өтүп, Бишкектен Чуңкурчакка түз чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мунун аркасында жол жүрүү убактысы кыскарып, учурдагы жолдордогу транспорттук жүк азаят.

11 Июнь 2026 жыл 9:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча