
Талас облусуна караштуу Манас районунда окуучулардын жана жалпы эле элет элинин китепке, билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында жакшы бир салтка айланган саамалык быйыл дагы уланды. Бул жолкусунда да демилгени төкмө акын Аалы Туткучев баштаган аталган райондун мекенчил уулдары колго алып, китепкөйлөргө 500 000 миң сом байге сайды.
Ал эми сынакка жаш-кары дебей баары келишип, жалпы 1200 дөй окурман катышты.
Иш -чарада мектеп окуучуларына «Акыркы конгуроо» ал эми жалпы окурмандарга «Бакырбаган балдар» китептеринен онлайн тест өткөрүлүп, жыйынтыгы менен мыктыларга «БилЭрМан» уюштуруу тобу тарабынан акчалай байгелер ыйгарылды.
Белгилей кетсек, былтыр аталган сынакка баш аягы 900гө жакын окурман катышкан эле. Ага ылайык, демөөрчүлөр эми сынакка катышкан окурмандардын саны 3000 миңге жете турган болсо, байгелерин дагы 3 эсеге чейин көтөргөнгө аракет кылалы деп шыктандырып жатышат.
“Адамдын жан дүйнөсү күндөн-күнгө жаңыланып турушу керек. Китеп жарыш дал ушул балдарыбыздын, ата-энелерибиздин, жарандардын жаңыланып турушуна өбөлгө түзөт деген ойдобуз”,-деди «БилЭрМан»уюштуруу тобун жетектеген
Кыргыз Республикасынын эл акыны Аалы Туткучев.