Арзан баада коңшу өлкөгө барыңыз! Бишкек-Астана жаңы автобус каттамы ачылды

Бишкектен Астанага жаңы автобус каттамы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы 18-июндан тартып, Батыш автобекетинен Бишкек–Астана (Кыргызстан-Казакстан) эл аралык каттамы боюнча көп орундуу, ыңгайлуу автобустар каттай баштаганын маалымдайт.

Билеттин баасы 2500 сомду түзөт жана аларды beket.kg сайты аркылуу аралыктан же автобекеттин кассасына келип алууга болот.

55 орунга эсептелген автобустар жуманын ар шейшемби күнү саат 12:00дө жөнөп кетет. Ал эми Астанадан Бишкекке бейшемби күнү чыгат.

27 Июнь 2024 жыл 17:40

Тема боюнча