Өзбекстандан ташылып келаткан 47 тонна дарбыз артка кайтарылды. Себеби

Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 47 тонна 780 кг дарбыз артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кең-Сай» өткөрүү пунктунда жүргүзүлгөн фитосанитардык көзөмөл учурунда дарбыздын эки партиясында мыйзам бузуулар аныкталган. Биринчи партиянын тиешелүү фитосанитардык сертификаты жок болсо, экинчисинде талапка ылайык маркировка болгон эмес. Буга байланыштуу жүктү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынган.

15 Июнь 2026 жыл 17:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча