Баасы асман чапчыйт. Өлкөдө цемент таңкыстыгы качан чечилет?

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдө цемент тартыштыгы байкалып жатканын ырастап, ага ылайык, цементтин баасына байкоо жүргүзүп  жана эмне үчүн  таңкыстык болуп жатканын себептерин аныктап,талдап чыккан. Анын алкагында негизги себептеринин бири Кемин районундагы Терек-Таш цемент заводундагы пландуу оңдоо иштери жүрүп, токтоп калганына байланыштуу экени айтылды. Бирок Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы аталган Терек-Таш цемент заводу эртең, 15-майдан баштап толук кандуу жумушка киришерин жана 5 миң тонна дагы кошумча  цемент чыгып баштарын ага ылайык, цементтин бааасынын түшүшүүсү күтүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле азыркы тапта өлкөдө курулуш тынымсыз жүрүп жаткан мезгил болгондуктан, өндүрүлгөн цементтин негизги бөлүгү ири кардарларга, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга жөнөтүлүп жатканы жанаандан тышкары мамлекеттик социалдык мекемелер курулуп жаткандыктан цементтин керектөөсү көбөйүп, анын  таңкыстык жаралуусуна жана баасынын жогорулашына алып келип жатканы айтылды.
Айтсак, буга чейин түштүк тарапта 1 мүшөк цементтин баасы 360тан 380 сомго чейин, тагыраагы маркасына жараша сатылып келген. Ал эми бүгүнкү күндө 370 ден 400 сомго чейин сатылып жатат. Мисалы, Араван цемент заводунда дүң баа 320 сомдон.

14 Май 2025 жыл 21:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча