Бишкекте кыздарга кол көтөрүп, бассейге түрткөн киши кармалды

Окуянын видеосу интернетке тараган. Биринчи май райондук милициясына үч киши арыз менен кайрылып, 30-июнга караган түнү отелдердин биринен себепсиз эле ур-токмокко алынгандарын айтышкан.

Милиция факты боюнча “Бейбаштык” жана “Тоноо” беренелери менен иш козгоп, 31 жаштагы А.Р. аттуу жарандыкармаган.

Окуяга катыштыгы бар башка адамдар аныкталууда.

4 Июль 2025 жыл 9:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча