
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Айни көчөсүндө кечээ, 15-июнда болжол менен 18-20 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) жогорку чыңалуудагы темир электр мамычасына чыгып алып, түшө албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
“Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, темир электр мамычадан кызды аман-эсен түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти”,-деп айтылат маалыматта.