Күн 40 градуска чейин ысышы мүмкүн. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 16-17-май күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 35-40 градуска чейин ысышы мүмкүн. Таласта 22-38 градуска жетиши ыктымал.

«Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда сак болууга, күндүз ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарыңыз», — деп жазылган маалыматта.

14 Май 2025 жыл 13:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча