Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында кечээ, 20-апрелде тоодо 12 жаштагы бала бутун кокустатып, өз алдынча түшө албай калып, жардам сураган. Аны менен чогуу 3 жаш бала болгон. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
“Тартылган куткаруучулар түшө албай калган 3 өспүрүмдү тоодон алып түшүрүп, ата-энелерине өткөрүп беришти. Жерине 4 куткаруучу тартылган”,-деп айтылат маалыматта.