«Кыргызстан – Фошан: Бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» форуму өттү

18-22-апрель күндөрү Кытайдын ири экономикалык борбору Фошан шаарында «UNICERAMICS EXPO 2024» көргөзмөсү өттү.

Көргөзмөнүн алкагында 2024-жылдын 20-апрелинде «Кыргызстан – Фошан: бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу бизнес форуму өттү. Иш-чараны Фошан шаарынын Кытай эл аралык сооданы өнүктүрүү боюнча кеңешинин комитетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Генералдык консулдугу жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү уюштурду.

Форумда саламдашуу Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Х. Эргешов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү М. Кожокматова жана Кытайдын Фошан шаарындагы Эл аралык соода жардам берүү кеңешинин төрагасынын орун басары Лу Цзюнь Цзянь мырза айтты.

Форумга Кыргызстандын бизнес коомчулугунан 50дөн ашык өкүлдөр чакырылды, алардын арасында «Авангард стиль», «Елизавета», «Роял Констракшн», «Эмарк строй», «Турпан строй» ж.б. Иш-чарага жалпысынан 100дөн ашык киши катышты.

Бизнес форум учурунда эки өлкөнүн ишкерлери курулуш тармагындагы жетишкендиктери, идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бул форум Кыргызстан менен Кытай ортосундагы жаңы жана ийгиликтүү ишкердик өнөктөштүктөрдү баштоочу негиз болуп калат.

Маалымат үчүн: Фошан 1 триллион юаньдан ашкан ИДПсы менен Кытайдын триллион долларлык шаарларынын бири жана өлкөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү он шаардын катарына кирет. Фошандын тышкы соода жүгүртүүсү 435 млрд. RMB
Шаарда турмуш-тиричилик электр приборлорунун, курулуш жана санитардык керамикасынын, металл буюмдарынын, автомобилдердин жана автотетиктердин, өнөр жай жабдууларынын, тамак-аш жана башкалар өндүрүшү өнүккөн.

23 Апрель 2024 жыл 15:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча