Кыргызстанда 100 миңден ашуун гектар аянтты чегиртке капташы ыктымал

Кыргызстанда 4100 гектар жерде чегиртке бар экени аныкталды. Зыянкечтер каптаган аянттын 700 гектары Базар-Коргон, 2200 гектары Ноокен, 750 гектары Сузак районунда. Ош облусунун Араван районунда 450 гектар жерден чегиртке табылган.

Учурда аталган аймактарда зыянкечтерге каршы каражаттар себилип жатат.

Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Алакунов «Биринчи радиого» курган маегинде айтты.

Алакуновдун билдиришинче, чегиртке 8-10 жылда бир жапырт каптап турат. Былтыр өлкө аймагында 113 миң гектар жерде зыянкечтерге каршы иш жүргөн. Быйыл чегиртке 133 миң гектар жерди капташы мүмкүн деп күтүлүп жатат.

«Чегирткенин 50дөн ашуун түрү бар. Анын эң коркунучтуусу Марокко жана Италия чегирткеси. Булар Марокко же Италиядан учуп келген эмес. Жергиликтүү эле чегирткелер. Өтө сугалак келип, көп төлдөшөт. Бир жылы каптаса, кийинки жылга жумуртка таштап кетет. Личинкасы жаз алды менен чыгып, жайыт болсун, айдоо болсун мойсоп кете берет. Ургаачылары уругун адырга, тоо боорлоруна таштайт, личинкалар жайытта жеми түгөнгөндө айдоого түшөт. Ошого жеткирбей дарылап жатабыз», — деди Алакунов.

Алакуновдун белгилешинче, зыянкечтерге каршы акыркы үлгүдөгү дарылар чачылып жатат. Дары чегирткенин өзүн жок кылганы менен жумурткасын жок кыла албайт. Мындан улам союз маалында бул зыянкечтин жумурткасын жок кылуу үчүн адырларды да айдаган ыкма болгонун, бирок ал экономикалык жактан кымбатка түшөрүн, экинчиден жер кыртышын бузарын айтты.

20 Апрель 2025 жыл 20:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча