Мамлекеттик маанидеги Ноокат–Папан унаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Иштер 2026-жылга карата бекитилген титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, курулушту №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды. Жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт. Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда»,-деп айтылат маалыматта.

