Минкаб ЖОЖдордо үч багыт боюнча сырттан окууга убактылуу тыюу салды. Себеби

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда үч багыт боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

2025-2026-окуу жылына төмөнкү багыттар боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилди.

  • «Юриспруденция» (бакалавр, магистр);
  • «Экономика» (бакалавр, магистр);
  • «Менеджмент» (бакалавр, магистр).

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

1 Июль 2025 жыл 14:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча