Нарында жер силкинди

КР Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 07:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. 

Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген. Учурда жер-жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

12 Май 2025 жыл 8:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча