Олимпиада-2024: Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыгып, медалды камсыздады

3-августта ал 57 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалдык беттешин өткөрдү. Кыргызстандыктын атаандашы 2021-жылдагы дүйнө чемпиону жана 2023-жылкы Панамерикалык оюндардын чемпиону АКШлык Жамал Харви болду.

Ар бири 3 мүнөттөн үч раунддун жыйынтыгында калыстар экиге бөлүнгөн чечим менен жеңишти Мунарбек уулуна беришти.

Кыргызстандык спортчу жарым финалга чейин жетип, медалды камсыздады. Анын жарым финалдагы атаандашы азырынча аныктала элек. Анда Шудай Харада (Япония) — Хавьер Ибанес Диас (Куба) жупунун жеңүүчүсү болмокчу.

Жарым финалдык беттештер 8-августта өтөт.

4 Август 2024 жыл 0:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча