
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 25-апрелде Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында Кыргызстандын эки жаранын (М.А. жана И.К.) 65 жаштагы айдоочу сүзүп кеткенин билдирди. Экөө тең 21 жашта.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы бөлүмү жана Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Хабаровск крайынын укук коргоо органдары менен окуянын жагдайларын тактап жатат.
“Орусияга окуя боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Жабыркагандардын туугандарына консулдук-укуктук кеңеш берилип жатат”, — деп айтылат маалыматта.