Жогорку окуу жайларында бүтүрүүчү студенттердин билим сапатын жакшыртуу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө коррупциялык элементтердин шарттарын, себептерин жана факторлорун четтетүү максатында 2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында ЖОЖдордун жетекчилеринин катышуусу менен (ОшМУ, ОшТУ, ОшПУ, ОшКӨЭУ, ОшЭМУ ж.б.) жалпы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13295 студент (ОшМУ 3573, ОшТУ 2754, ОшКӨЭУ 3167, ОшМПУ 3629, КУУнун филиалы 172) окуудан чыгарылган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Учурда аталган ЖОЖдордун кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга жана алардын жоопкерчилигин КР мыйзамдарынын чегинде кароого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР УКМК жогорку окуу жайлардын жетекчилерин жана кызматкерлерин мыйзамдын талаптарын сактоого жана окуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана коррупциялык көрүнүштөрдөн сак болууга чакырат.