Пакистан Индияга каршы аскердик операция баштаганын жар салды

10-майда эртең менен Пакистандын өкмөтү Индияга каршы «Баньян ун Марсус» (арабчадан которгондо «Бекем чеп») деп аталган чоң аскердик операция баштаганын жарыялап, муну «агрессияга жооп» деп мүнөздөдү.

Бул жарыя Пакистандын армиясынын расмий өкүлү, генерал Ахмад Шариф Чоудри Индияны пакистандык аба базаларына, анын ичинде Исламабаддан 10 чакырым алыстыктагы Равалпиндиде жайгашкан Нур Хан базасына ракеталык чабуул койду деп айыптагандан бир сааттан кийин жасалды. Нур Хан базасы өлкөнүн аскердик командачылыгын штаб-үйү болуп саналат.

Чоудри «коргонуу максатында агрессияга чукул арада жооп кайтарыларын, Индиянын ракеталарынын көбү абадан коргонуу системасы менен жок кылынганын, өлкөнүн аба күчтөрүнүн объектилери зыян тартпаганын» айткан.

Исламабад 9-майда Индиянын ракеталары Пакистандын ар кайсы аймактарына кулаганын билдирген.

11 Май 2025 жыл 9:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча