Пакистан: Индиянын соккусунан кеминде 26 киши каза болду

Расмий Исламабад 7-майда саат 11де тараткан маалыматка караганда, шаршембидеги чабуулдан кеминде 26 адам набыт болуп, 46 киши жаракат алды. Бул тууралуу «Gardian» басылмасы Пакистандын расмий булактарына шилтеме кылып жазды.

Жоготуулар тууралуу расмий Дели да кабарлады. Индиянын армиясынын маалыматына караганда, Пакистандын чабуулунан жети адам каза болуп, 30 адам жаракат алды.

7-майга караган түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуул коюп, «Синдур» деп аталган операциянын алкагында тогуз жайды бутага алганын маалымдаган.

Дели ракеталык чабуулдар жоочулар менен байланышы бар жайларды бутага алганын билдирсе, Исламабад аны четке кагууда.

8 Май 2025 жыл 9:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча