Сокулук районунда быйыл 58 чакырымдан ашык жол асфальтталат
2026-жылдын планына ылайык, Сокулук районунда жалпы узундугу 58,8 чакырым жолду асфальттоо каралган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда райондогу бир катар маанилүү жол тилкелеринде курулуш жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө.
Анын ичинде Манас – Камышановка унаа жолунун 10 чакырымы оңдолуп, анын 3 чакырымына асфальт төшөлдү. Бишкек – Күнтуу – Шопоков автомобиль жолунун 12,4 чакырымында реконструкция иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Луговое – Ат-Башы канал унаа жолунун 7 чакырымына асфальт төшөө башталды.
Мындан тышкары, Романовка – Камышановка автомобиль жолунун 5 чакырымы жана Восточная – Жаңы Пахта жолунун 5 чакырымы оңдолууда.
«Аталган объектилерден сырткары Сокулук районунун башка калктуу конуштарында да жолдорду оңдоо, куруу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Жол курулуш иштеринин жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө»,-деп айтылат маалыматта.