Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда 14-октябрда түнкү саат 23:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн эртең менен Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайына байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алына элек.
«Ашууда кар жаап, бороон болуп жатат. Жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын айдоочуларын абайлап, жайкы дөңгөлөк менен айдабоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жолду тазалоо үчүн ашууда атайын техника иштеп жатат.