Кыргызстанда соңку эки жылдын ичинде 167 адам сууга чөгүп каза болду. Мындай маалыматты «24.kg» агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы республика боюнча 81 адам, ал эми 2024-жылы 86 адам сууга чөккөн. Алардын ичинен өткөн жылдагы жайкы сууга түшүү сезонунда 59 жаран каза болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 67ни түзгөн.
Мындай учурлардын көбү Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталган. Эң аз учур Талас, Баткен жана Нарын облусундарында орун алган.
Белгилей кетсек, жайкы мезгилде суудагы кырсыктардын алдын алуу максатында Бишкек шаардык ИИББдин кызматкерлери ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте суу сактагычтардын, каналдардын, көлмөлөрдүн жана сууга түшүүгө тыюу салынган башка жерлердин жанында түшүндүрүү мүнөзүндөгү алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кызматкерлер чоңдордун коштоосусуз суу жээгинде жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөр менен маектешип, суудагы коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүдө, ошондой эле тыюу салынган жерлерде сууга түшүүнүн кооптуулугун эскертишүүдө. Бул багытта өзгөчө көңүл жашы жете электердин ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрү менен алдын алуу иштерин жүргүзүүгө бурулууда.