
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев түрктөрдүн салтын мисал келтирип, алтындын куну акчага караганда туруктуу экенин белгиледи.
“Түркияда жакшылык, тойлордо акчанын ордуна алтын алып барышат. Бизде деле той-ашта 2 миң, 5 миң, катышыңа жараша 10 миң сомго чейин көтөрүп барабыз. Көрүндүккө торпок, кой, жылкы берип жатабыз. Алтын чирибейт, куну туруктуу. Жылкы деле кыргыздын инвестициясы, ошонун ордуна алтын берсек деген сунушту киргизем”, — деди эл өкүлү.
Ал муну менен өлкөнүн экономикасын да колдоп алса болорун кошумчалады.