
Жерүй алтын кенинин аймагындагы өзөн сууларда балыктарды көбөйүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 3 жыл мурун коё берилген майда чабактар балыктар азыр дээрлик 30 сантиметрден ашты. Мындан бир нече жыл мурун Таластагы мергенчилер жана балыкчылар коому менен “Альянс Алтын” компаниясы экологиялык долбоорду ишке ашырып, 35 миң форель чабагын кое берген. Алар жакшы өсүш көрсөткөндүктөн, быйылкы жылдын башында дагы Тоң балык заводунан 20 миң Севан форелинин чабагын сатып келип, сууларга салышкан. Компаниянын экологдорунун айтымында бул иш алгач илимий жактан изилденип, суунун таза экендиги лабораториялык жактан далилденген.
Ал эми жергиликтүү элдин айтымында бул сууларда балыктын жок болгонуна 50 жылдан ашкан. Эми кайра калыбына келип жатканы кубандырбай койбойт. Анан дагы кое берилген форель чабактарынын Жерүйдүн аймагындагы сууларда жашап кетиши, компаниянын өндүрүштү экологияга зыянын тийгизбей жүргүзүп жатканынан кабар берет.
Белгилей кетсек, аталган өзөн сууларда балык уулоого тыюу салынган. 5 жылга чейин мораторий киргизилген. Мындан улам аңчы инспекторлор жана компаниянын экологдору чогуу көзөмөл жасап турушат.