
Бүгүн, 5-апрелде Талас облусунун Айтматов районунда мөндүр жаады. Бул тууралуу видеону BIA kg маалыматтык агенттигине жергиликтүү тургундар жиберди.
Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ өлкөдө 5-7–апрелинде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо мүмкүндүгүн жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн эскерткен.